• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эртең Кыргызстанда кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы болот

Коом 0

Бишкек, 29.12.19. /Кабар/. Эртең, 28-декабрь күнү "Ак-Түз" тоо лыжа базасында Кыргызстандын кышкы туристтик сезонунун расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Ак-Түз" тоо лыжа базасындагы ачылыш иш-чарасынын алкагында келгендер үчүн баалуу белектер ойнотулуп, оюндар, сынактар өткөрүлөт. Ошондой эле концерттик программа каралган.

"Ак-Түзгө" барууну каалагандарды Бишкектен тоо лыжа базасына чейин атайын унаа ташып, алып келет.

Журналисттер үчүн атайын унаа каралган. Алар 28-декабрь күнү саат 06:30да Пушкин көчөсү 78 дареги боюнча келиши керек.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: +996 312, 900 443, 621 234, 0550 990 475

Пикир

Оставить комментарий