• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Эртең, 10-июнда, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өтөт.

Ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы республиканын бардык жарандарын айлана-тегеректеги аймактарды тазалоого, үй жанындагы участокторду көрктөндүрүүгө, айланабызга ыңгайлуу шарт түзүүгө активдүү катышып берүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий