• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эртең кыргызстандык "Нефтчи" клубу тажикстандык команда менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Эртең, 19-февралда кыргызстандык "Нефтчи" Азия футбол конфедерациясынын кубогунун плей-офф оюндарынын алкагында тажикстандык "Худжанд" командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Оюн Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда өтөт.

Эскерте кетсек, "Нефтчи" командасы 5-февралда түркмөнстандык "Ахал" командасы менен оюн өткөрүшү керек эле. Бирок "Ахал" командасы беттешке коронавирустун айынан катышпай турганын билдирген. Азия футбол конфедерациясы "Ахал" командасын оюндардан четтеткен. Мындан улам, кыргызстандык команда кийинки турга өткөн.

Эртеңки оюнга катыша турган "Нефтчи" команданын оюнчулары:

Дарбазачы: Михаил Паюш (Молдова), Темирлан Апаз уулу;

Коргоочу: Акрам Умаров, Манас Карипов, Кубанычбек Куренкеев, Алмазбек Маликов, Кайрат Изаков, Азамат Абдуллаев (Өзбекстан), Тимур Мажидов;

Жарым коргоочу: Аброр Кыдыралиев, Азамат Өмүралиев, Сыймык Аскарбек уулу, Арген Жуматаев, Эсенбек Үсөн уулу, Аброрбек Аскаров, Сахрух Аскаров, Олександр Игнатенко (Украина);

Чабуулчу: Элдар Молдожунусов, Амируддин Шарифи (Афганистан), Умидулло Иминов.

Башкы машыктыруучу: Нематжан Закиров.

Пикир

Оставить комментарий