• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.08.18 /Кабар/. Эртең, 3-августта синоптиктердин маалыматы боюнча Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан-чачын, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

3-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда чагылган түшүп, жаан жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...28, күндүз 25...30,

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Бишкек шаарында түнкүсүн 16...18, күндүз 28...30

Пикир

Оставить комментарий