• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең өлкөнүн бардык мечиттеринде Мьянмада каза болгон мусулмандарга багышталып Куран окулат

Коом 0

Бишкек, 07.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Эртең, 8-сентябрда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде Мьянмада каза болгон мусулмандарга багышталып Куран окулат. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыйык жума күнү Мьянмада каза болгон мусулмандардын арбагына багышталып Куран окулуп, жергиликтүү жашоочуларга болгон зомбулуктун мындан ары кайталанбашы үчүн дуба тилектер кылынмакчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Мьянмадагы кырдаалга байланыштуу атайын билдирүү тараткан болчу.

Пикир

Оставить комментарий