• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең математика боюнча Республикалык олимпиаданын финалы өтөт

Билим 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. 22-апрелде 6-класстын окуучуларынын арасында Республикалык математика боюнча олимпиада өтөт. Анын уюштуруучулары “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемеси жана КР Билим берүү жана илим министрлиги.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, финалдык баскычка аймактык баскычтарда алдыңкы орундарды алган 36 окуучу катышат.

Жеңүүчүлөр төмөнкү байгелер менен сыйланат:

1-орун алган окуучу 1-даражадагы диплом жана ноутбук. Мугалими – 10 000 сом.

2-орун алган окуучу 2- даражадагы диплом жана ноутбук. Мугалими – 8 000 сом.

3-орун алган окуучу 3- даражадагы диплом жана планшет. Мугалими – 6 000 сом.

Байгелүү орундарды (1, 2, 3) алган окуучулар окуган мектептер сыйлыкка лазердик принтер алышат.

Сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкектеги “Айчүрөк” лицейинде өтүп, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышат.

Олимпиада райондук, облустук жана республикалык баскычта 5-6-класстын билим берүү программаларынын материалдары боюнча өткөрүлүүдө.

Райондук баскычта 5000 окуучу катышкан.

Сыйлык тапшыруу 22-апрелде 16:30да башталат. Дареги: Аламүдүн-1, 62/1, Бишкек ш.

Пикир

Оставить комментарий