• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кар. Жолдорго 354 тонна туз себилип, 37 атайын техника тартылды

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда саат 02:00дөн тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жол тазалоо иштерине 37 даана атайын техника тартылды. "МАЗ үлгүсүндөгү 28 кар тазалоочу автоунаа, УКМ үлгүсүндөгү 4 универсал автоунаа жана 5 «Беларусь» кичи тракторун тартуу менен жолдорго техникалык туз чачуу башталган. Эртең менен 354 тонна техникалык туз сарпталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары кар менен күрөшүүдө колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатышат.

Шаарда штаттык режимде 657 тазалоочу иштөөдө. Көчөлөрдө жана кесилиштерде унаалардын үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүүсүн камсыздоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барууда.

Райондук администрациялардын жетекчилери жана кызматкерлери ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери борбордун ар кайсы аймактарындагы иш жүзүндөгү кырдаалга көз салуу үчүн өз аймактарын кыдырууда.

Эскерте кетсек, калган аймактарда карды, музду тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз чачуу үчүн борбордун мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий