• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Нарында "Алтын тамга" тестирлөөсүн 118 окуучу тапшырат - облус жетекчиси

Аймак 0

Бишкек, 15.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эртең Нарын облусунда "Алтын тамга" тестирлөөсүн 118 окуучу тапшырат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, быйыл 11-классты 3 миң 453, 9-классты 5 миң 152 окуучу аяктайт. "Эртең окуучулар Кочкор районунда жана Нарын шаарындагы мектепте "Алтын тамга" тестирлөөсүн тапшырышат.

Алардын коопсуздугу боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берилген", - дейт ал.

Облус жетекчиси 2019-2020-окуу жылынын төртүнчү чейрегин 59 миң 159 окуучу дистанттык негизде билим алганын айтат.

Пикир

Оставить комментарий