• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртең Ош шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Эртең, 6-мартта Ош шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарманке Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп, саат 09:00дөн 17:00гө чейин уланат.

Жарманкеде азык-түлүк, жер-жемиш, мөмө-жемиш, эт базар баасынан арзандатылган баада сатылат.

Мэрия дыйкандарды, жеке ишкерлерди кызматташууга чакырат. Катышуучулар Ош шаарынын мэриясы тарабынан атайын чатырлар менен камсыздалат.

Байланыш үчүн телефондор: 0 (774) 605-905; 0 (559) 605-905 Умида Шамшиева.

Пикир

Оставить комментарий