• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Ош шаарында массалык жазгы жарыш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Эртең, 28-майда Ош шаарында ден соолукту чыңдоочу жалпы жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарыш бардык каалоочулар арасында өтүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркоо болот.

Массалык иш-чарага ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, орто мектептердин окуучулары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын катышуусу күтүлүүдө.

Ош мэриясы каалоочуларды жарышка катышууга чакырат.

Жарыштын жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин тиешелүү дипломдору, медалдары, баалуу сыйлыктары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышат.

Иш-чаранын максаты – чуркоону жайылтуу, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, жарандарды спортко тартуу.

Пикир

Оставить комментарий