• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Ош шаарында туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Эртең, 3-мартта, саат 10:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышат.

“Бүгүн борбордук аянттын эки тарабы жабылып, даярдык иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 3-март - мамлекеттик туу күнүнө карата Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда дагы салтанаттуу иш-чара өтөт.

Пикир

Оставить комментарий