• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эртең Ош шаарында жалпы ишембилик болот

Аймак 0

Бишкек, 12.06.20./Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусунда санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча штабынын отуруму болуп өттү.

Жыйында вице-мэр шаар боюнча ишембилик өткөрүү тапшырмасын берди.

“Кырдаалга байланыштуу жаз айларында өтө турган ишембиликтер болгон жок. Андыктан жалпы ишембилик өткөрүп айлана-чөйрөнү тазалоо зарылчылыгы турат. 13-июнь баардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери өздөрүнүн айланасын тазалап, муниципалдык аймактык башкармалыктар өз аймагынардагы үйлөрдүн короолорун иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишембиликке активдүү катышууга чакыргыла,”- деди А.Топчубаев.

Жетекчилерге топтолгон акыр-чикирлерди толугу менен ташып чыгаруу иштерине көмөк көрсөтүп, тийиштүү жерлерди көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий