• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эртең Ош шаарынын аймагында жалпы ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында 22-августта жалпы ишембилик өтөт, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, ишембилик 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлмөкчү.

"Шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, көп кабаттуу үйлөр, кафе-ресторандар, дүкөндөрдүн жамааттары санитардык эрежелерди сактоо менен өз аймактарын тазалап, ирээттеп, ишембиликтерди уюштуруусу керек", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык мэриясы шаардын тазалыгы үчүн, тургундарды санитардык эрежелерди сактоо менен жалпы ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий