• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы болбойт

Аймак 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Эртең, 5-октябрда, Ош шаарынын айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу болбойт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ремонт иштерине байланыштуу саат 9-00дөн 18-00гө төмөнкү даректерде электр жарыгы өчүрүлөт: Ош шаарынын Анар, Төлөйкөн, Кокум-Бий (СМУТТ), МЖК-2, Юго-Восток кичи шаарчалары, Кокумбий, Абдыкадыров, Исаков (Дача участкасы), Мичурин, Ишматов, Малиновая, Набережная, Ирригатор, Центральная, Обзорная, Подгорная, Төлөйкөн, Салиева, Касымбеков, Водозаборная, Абакир уулу Төрөбек көчөлөрү, ДЭУ-Ноокат жолу, Кыргызстан, Кеңеш, Учар айылдары, Беш-Бадам, Он-Адыр массивдери.

Пикир

Оставить комментарий