• 84.79
  • 95.75
  • 1.15

Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнү белгиленет. Бул тууралуу Ош шаардык мэрияснын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар күнүнө карата борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Белгиленгендей, 10:00до Ош шаарынын өнүгүшүнө, шаардыктарга ыңгалуу шарттарды түзүп берүү максатында, ак ниет эмгеги менен иштеп жаткан мекеме-ишканалардын, жогорку жана орто окуу жайларынын, өндүрүш ишканалардын кызматкерлеринин парады болот. Жөө жүрүш концерттик программа менен коштолот.

Ош шаарнын күнү кечинде гала-концерт менен уланат.

Пикир

Оставить комментарий