• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең парламент депутат Жетигеновду жоопкерчиликке тартуу маселесин карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Эртең, 22-декабрда Жогорку Кеңеш депутат Бакытбек Жетигеновду жоопкерчиликке тартуу маселесин карайт.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эртеңки жыйындын күн тартибинин долбоорунда Бакытбек Жетигенов Жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурордун 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 08-02 сунуштамасы жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралат.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Жетигеновду 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий