• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең пармалент Улуттук банктын төрагасын шайлайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.09.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүн пленардык жыйында депутаттар Улуттук банктын төрагасын шайлоо маселесин эртеңкиге жылдыруу чечимин кабыл алышты.

ЖКнын Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул маселени эртең “ар кандай маселелер” түрмөгүндө кароону сунуштады. Сунуш добуш берүүгө коюлуп, бир добуштан колдоо тапты. Добуш берүүгө бардыгы болуп 78 депутат катышты.

Эске сала кетсек, президент РКӨФ төрагасы, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин Улуттук банктын төрагасы кызматына көрсөткөн. Кечээ, Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитети Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы кызматына Кулматовдун талапкерлигин жактырган.

Пикир

Оставить комментарий