• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эртең Стамбул-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен уча турган жарандардын назарына

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин басма өз кызматы эртең, 22-июлда Стамбул-Бишкек багыты боюнча “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын TK4936 чартердик рейси менен жөнөп жаткан жарандардын назарына авиабилет маселесине байланыштуу маалымат таратты.

Анда төмөнкүдөй деп айтылат:

Анкарадагы элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун тизмелериндеги жана башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандар үчүн авиабилеттер тиркемеде көрсөтүлгөн резервация коддоруна ылайык, “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын Анкара шаарындагы (борбордук кеңсе) жана Стамбул шаарындагы (Таксим жана Кадыкөй районундагы) кеңселеринде сатылат. Ошондой эле авиабилеттерди 2020-жылдын 21-июлунда түздөн-түз Стамбул эл аралык аэропортунан сатып алууга болот. Авиакомпаниянын кеңселеринде билеттердин баасы аэропортко салыштырмалуу жогору болорун эскертебиз.

Башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандар үчүн резервация коду (жүктөө)

Элчиликтин тизмесиндеги жарандар үчүн резервация коду (жүктөө)

Башкы консулдуктун тизмесиндеги жарандар үчүн резервация коду (жүктөө).

Пикир

Оставить комментарий