• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн "Тил – улут сыймыгы" аттуу китеп көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Эл аралык эне тил күнүнө карата Улуттук китепканада "Тил – улут сыймыгы" аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чара саат 11:00дө башталып, китепкананын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө өтөт. Көргөзмөдө көптөгөн китептер, көрүнүктүү филологдордун эмгектери жана монографиялары коюлат.

"Тил жалпы адамзаттын материалдык, маданий мурастарын сактап калуунун, өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы болуп саналат. Өлкөбүздүн ар бир атуулу эне тилибизди биринчи даражага коюп, кадырлап сүйүп, ак кызмат кылууга умтулушубуз керек", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 21-февралды Эр аралык эне тил күнү катары белгилөө чечими 1999-жылы ноябрь айында ЮНЕСКОнун башкы конференциясында кабыл алынган. 2000-жылдын 21-февралында ал күн алгач ирет белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий