• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эрте турмушка чыгуу, кесипти аркалап мектепти бүтүү. Тарбия багытында концепция иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо” концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 29-январында президент Садыр Жапаров "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Нет описания.

“Президенттин жарлыгына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги 12-апрелдеги буйругунун негизинде жумушчу топ түзүлгөн. Билим берүү тармагында мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы ЖОЖлар, орто окуу жайлар боюнча концепцияны иштеп чыгууда сегиз жумушчу топ түзүлгөн. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге иштеп жатабыз. Ар бир региондун өзгөчөлүгүнө жараша жумуштар аткарылууда. Алсак, Ноокатта кыздар мектепти бүтүп эле турмушка чыгып кетүүдө. Ал боюнча тарбия концепциясын иштеп чыгуудабыз. 11-класстын окуучулары арасында профилдик багытта да жумуш алып баруудабыз. Окууну бүткөндө кыздар тигүүчү же ашпозчу, балдар слесарь, унаа оңдоочу кесипти аркалап калууда. 99 кесиптик лицей министрликтин алдына өтүп, аларга профилдик багытта тарбия концепциясы толук киргизилүүдө”, - дейт ал.

Усеналиев белгилегендей, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлеринин жардамы менен концепция иштелип чыкты.

Аталган академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов жарлыктын талаптарынын бири билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу экендигин айтат.

Нет описания.

Ошондой эле бир катар талаптар коюлган:

- Инсандын өзүн-өзү жетилүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ашыруу көндүмдөрүн калыптандыруу;
- Билим берүү системасына жогорку деңгээлде окуу процессин жүргүзүүгө жөндөмдүү педагогикалык кызматкерлерди тартуу;

“Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын долбоору даярдалды. Долбоор коомдук талкууга коюлат. Ал стандарттарын кайра кароо жана жаңылоо 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө “Натыйжага негизделген билим берүү” модели ишке ашууда. Ал теориялык билимди практика жүзүндө колдонуу дегендик. Стандарттарда руханий-адеп-ахлактык өнүгүү, климаттын өзгөрүүсү жана айлана-чөйрөгө болгон мамиле, инклюзивдүү билим берүү жана башкалар камтылган”, - деди ал.

Филология илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Советбек Байгазиев концепциянын өзгөчөлүгү улуттук баалуулуктарга басым жасалышы экендигин белгилейт.

Нет описания.

“Ааламдашуунун заманында ар бир улут өзүнүн этникалык иденттүүлүгүн сактап, өнүгүш керек болуп жатат. Айтматов айткандай, жалпы адамзат бир кемеде бара жатат. Ал эми бул концепцияда жалпы адамзаттык баалуулуктар менен улуттук баалуулуктардын айкалышы. Алардын биримдигинин методологиясы даярдалды”, - деп айтат жазуучу.

Байгазиев кошумчалагандай, концепция жаштарды укуктук, экологиялык маданиятка, мекенчилдикке тарбиялоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий