• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Эртең, 25-февралда түрколог, лексиколог, окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “Кылымдарга тете из калтырган залкар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Карасаевдин 120 жылдыгына карата жарыяланган акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Кыргыз-Түрк адабият борборунун Чыңгыз Айтматов атындагы залында өтмөкчү. Башталышы саат 14.00дө.

Белгилей кетсек, иш-чара КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий