• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Эртең Жалал-Абад шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Эртең, 23-февралда Жалал-Абад шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында жуманын ар ишемби күндөрү “Жаз жарманкеси” аттуу жарманке өтөт.

"Жарманке саат 10:00дө Барпы театрынын алдында уюштурулуп, азыктар арзан баада сатылат. Бул жайга ата мекендик өндүрүшчүлөр жана фермерлер азык-түлүктөрүн алып чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, жарманкени шаардык бийлик салтка айлантууну көздөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий