• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эртең Жалал-Абад шаарындагы "Береке" базарында азык-түлүк жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Эртең, 12-мартта Жалал-Абад шаарындагы "Береке" базарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке шаар тургундарын арзан баадагы азык-түлүк менен камсыздоо максатын өткөрүлүүдө.

"Ар ишемби күнү калаадагы "Береке" базарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Анда дыйкандар, ата мекендик өндүрүшчүлөр өздөрүнүн азыктарын базардан арзан наркта кардарларга алып чыгышат. Эт, май, ун, жашылча-жемиш өңдүү негизги керектелүүчү азыктар сатыкка чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Жарманке эртең мененки саат 10:00дө башталып, баалар шаар бийлигинин көзөмөлүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий