• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 1-декабрь күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Пахта, Островский, Железнодорожный, Транспортный, Кузнечный, Кызыл мехнат, Сейил, Низами, Жалил, Алма-Бак, Нагорный, Бадалов, Баев, Тургунбаев, Аттокуров Ботобай, Ынтымак, Живпром, ПМК, Арал, Жамашева №12, Абдукаимов, Энергетиков, Осмонов, Крупская, Жеңи-Жок көчөлөрүндө, №26,28,30а,32,34,36,38,40,42,44,48,50,52,54,56,58 көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы болбойт.

Мэрия шаар тургундарынан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий