• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 23-декабрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 15:00гө чейин М.Исакулов, "Токтогул" паркы, Б.Сейил, Дехканский, Эркиндик, Пахта, Островский, Железнодорожный, Транспортный, Кузнечный, Кызыл мехнат, Северный, Базарный тар көчөсү, Ленин №47,43, Н.Айтматова №3, Биринчи май №60,62,64 көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий