• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнь күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу эртең мененки саат 10:00дөн баштап 17:00гө чейин Москва, Нефтяник, Курманбек кичи шаарчасындагы №10а көчөсүндө жана Могол №2, 4, Манас проспектиси, №74 көп кабаттуу үйлөрдө жарык болбойт.

Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий