• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эртең Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Эртең, 15-октябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Центральная, Архитектурная, Птицефабрика, Пригород, мал базар, Птицеград №1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12 көп кабаттуу үйлөрүндө электр жарыгы болбойт.

Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий