• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эртең жаш илимпоздор үчүн изилдөөнүн теориялык пайдубалын түзүү боюнча вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Эртең, 27-майда саат 15:00дө Онлайн университетинин изилдөө лабораториясы "Изилдөөнүн теориялык пайдубалын түзүү" аталышындагы темада кезектеги вебинарын өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Анда изилдөөдө адабиятты издөө ыкмалары, адабиятта "боштуктарды" табуу (gap in literature), адабияттарды иреттөө куралдары (zotero, mendeley ж.б.) туурасында кеңири маалымат берилет. Ошону менен бирге эле "Теория" деген эмне жана аны кайдан табабыз деген суроо талкууланат. Илимий иште теорияны колдонуу усулдары, топтолгон маалыматтын негизинде теорияны жактоо, сындоо жана кеңейтүү туурасында сөз болот.

Спикерлер Германиянын Түбинген университетинин Антропология программасынын докторанты жана окутуучусу Гүлзат Баялиева менен Түбинген университетинин Антропология кафедрасынын аспиранты Айбек Самаков болот.

Белгилей кетсек, Гүлзат Баялиева Шамалды-Сай шаарчасынын негизинде постиндустриалдык шаарлардын тарыхын жана жергиликтүү калктын айлана-чөйрөсү менен болгон мамилесин, ал эми Айбек Самаков Сыр-Дарыя суусунун төмөн агымында жайгашкан жергиликтүү калктын айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө көнүү ыкмаларын изилдеп келишет.

Эске салсак, Онлайн университетинин изилдөө лабораториясы кыргызстандык жаш изилдөөчүлөргө Web of Science, Scopus сыяктуу дүйнөлүк реферативдик маалымат базаларына кирген илимий журналдарга макала жазуу эрежелерин, изилдөө баскычтарын үйрөтүү жана кеңеш берүү максатында түзүлгөн. ZOOM вебинарынын идентификатору: 955 5294 2159, пароль: 787829

Пикир

Оставить комментарий