• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Жеңиш күнүнө карата Бишкекте майрамдык салют атылат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Эртең, 9-май күнү Жеңиш күнүнө карата Бишкекте майрамдык салют атылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жеңиш күнүнө карата салют атуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан уюштурулат. Ошол эле учурда мэрия коронавируска байланыштуу майрамдык, анын ичинде 9-майга карата белгиленген иш-чаралар өткөрүлбөй калганын эскертет.

"9-майга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн 2,5 млн сом каралган. Ал каражат шаар бюджетинде калып, борбор калаанын алдыдагы башка керектөөлөрүнө жумшалат. Жеңиш күнүнө карата майрамдык салют уюштуруларын айта кетели. Бирок ага шаар тургундары катышпайт", - деп айтылат маалыматта.

Ала-Тоо аянтында майрамдык салют саат 22:00дө атылат.

Пикир

Оставить комментарий