• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең жогорку окуу жайларга кабыл алуунун V туру аяктайт

Билим 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Абитуриенттер жогорку окуу жайларына тапшыруу сынагына катышуу үчүн 2022-жылдын 17-августту саат 14:00гө чейин V турга өтүнмө бере алышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ар бир турда бир бюджеттик окууга жана бир келишимдик окууга өтүнмө берүүгө болот. Арыздарды бир университетке же эки башка окуу жайга тапшырууга мүмкүн.

ЖОЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, тизмеден https://2020.edu.gov.kg/universities жогорку окуу жайды тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин бюджеттик жана келишимдик негизде окууга орундардын саны, жылдык окуу акысынын өлчөмү, ЖРТнын жыйынтыгы же предметтик тесттердин зарылдыгы жөнүндө маалымат алууга болот.

Аймактардагы абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий