• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эс алууга келген өзбек жараны Ысык-Көлгө чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Бостери айылындагы "Кыргызское взморье" эс алуу жайында 69 жаштагы турист сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 28-июнда болжол менен саат 14:27де болгон.

Маалым болгондой, сууга чөккөн аял Өзбекстандын жараны, ал эс алуу үчүн Ысык-Көлгө келген. Маркумдун сөөгү моргго жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

"Санаторийдин аймагында куткаруучулар иш алып барышат, бирок, ошол учурда алар окуя болгон жерде болгонбу жокпу азырынча белгисиз", - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий