• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЭСӨМ реалдуу программалык бюджетке өтүү тууралуу чечим иштеп чыгуу үчүн эксперттик кеңешме өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 18-март /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эксперттик кеңешме өткөрүүдө, ага Финансы, Экономика министрликтеринин, Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жана эксперттик коомчулук катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, кеңешме Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин КРнын жаңы бюджеттик кодексинин кабыл алынышына байланыштуу реалдуу программалык бюджетке өтүүсү тууралуу чечим иштеп чыгуу үчүн өткөрүлүүдө.

Катышуучулар эмгек жана социалдык өнүктүрүу жаатындагы саясатты мындан ары өнүктүрүүнүн милдеттерин, көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулап жатышат.

Кеңешмеде аткарылышына ЭСӨМ жоопкерчилик алган программалар жана чаралар планынын обзору, андан тышкары министриктин кызматын алуучуга алардын натыйжалуулугу жана таасирине анализ жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий