• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эсен Шерботоев “Кыргыз почтасынын” башкы директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Эсен Шерботоев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик мекемесинин башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Белгилүү болгондой, кечээ, 18-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоев Эсен Жаанбаевичти “Кыргыз почтасы” ишканасынын жамаатына тааныштырды.

Эсен Шерботоев буга чейин КР өкмөтүнүн аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн эксперти кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий