• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эсеналиев: КРдагы ЕККУ өкүлчүлүгү менен кызматташуу бардык багыттар боюнча жогорку деңгээлде

Саясат 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. «Кыргызстандагы ЕККУ өкүлчүлүгү менен коопсуздукту камсыз кылуу, парламенттик демократияны өнүктүрүү жана укук коргоо органдарына техникалык колдоо көрсөтүү тармактары боюнча кызматташтык жогорку деңгээлде», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев бүгүн, 4-июлда, Европа Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсесинин техникалык колдоосунун алкагында компьютердик жабдууларды кабыл алуу жана өткөрүп берүү иш-чарасында.

Досалы Эсеналиев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркска техникалык колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Техникалык жана компьютердик жабдуулар электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү процессин тездетүүгө, иштерди ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн санариптик трасформацияга өтүү боюнча программасынын алкагындагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат» — деп баса белгиледи Досалы Эсеналиев.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Пьер фон Аркс Кыргызстандагы санариптештирүү процессин колдой турганын билдирди.

«Кыргызстан жакында эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тездик менен модернизациялоо жолун тандады жана бардык мамлекеттик органдарда санариптештирүүнү кеңири ишке ашырууда. Санариптештирүү жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында алууга, коррупцияны азайтууга жана мамлекеттик бюджетти каржылоодо оң таасирин тийгизет», — деп баса белгиледи Пьер фон Аркс.

Пикир

Оставить комментарий