• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эсенгул Исаков: Премьердин “айыл чарба продукциябыз менен конкуренцияга чыдай алабыз” деген сөзүнө кошулам

Коом 0

Мурдагы ЖК депутаты Эсенгул Исаков өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун айыл чарба продукциябыз менен атаандаштыкка чыдай ала тургандыгыбыз тууралуу пикирине кошуларын билдирди.

- Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1,5 жылдан бери алгачкы ирет Коомдук каналга маек берди. Анда өкмөт башчысынын “биз айыл чарба продукциясынын кайсы түрү болбосун алыскы-жакынкы өлкөлөр менен толук атаандаштыкка чыдай алабыз” деген пикирине кошуласызбы?

- Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун ал сөзүнө мен дагы кошулат элем. Негизи биздин конкуренция кылганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, ошого мамлекетибиз анчейин толук шарт түзүп бере албай жатышат. Биз 2010-жылдары депутат болгону, 2012-жылдары ЕврАзЭСтин курамына кирүүгө даярдыктар башталгандан тарта 5 жылдан бери улам бир келген жаңы өкмөт мурунку өкмөттөрдүн жалпы кыргыз мамлекетинин стратегиялык багыттарын кайталап айтып келишкен. Кагазда жазылганы менен иш жүзүнө ашырышы анчейин болбой келе жатат.

- Аны кантип иш жүзүнө ашырыш керек деп ойлойсуз?

- Айрым тандалма чарбалар лицензия алып, “өндүргөн продукциясы сыртка экспорттоого чыгарылат” деген тизмеге киришип, калган көпчүлүгү кире албай келишкен. Демек, алардын баардыгы ошол лицензия алган чарбаларга кирип, анан алар аркылуу өткөрүшү керек. Эгерде, андай кыла турган болушса анда жалпы Кыргызстанда өзүнүн ички саясатын өзгөртүп, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баардыгын тең бириктирип, алардын ассоциациясын, бирикмелерин түзүп, аларга шарт түзүп берип, мамлекет тарабынан кайсы жагынан мейли, соода-сатык, салык жагынан болсун жеңилдиктерди түзүп берип жатышкандыгы боюнча саясатын түшүндүрүп, анан баардыгы өз ыктыярлары менен биригип, ошондо гана өндүргөн продукцияларын сыртка экспортко чыгарышса, ошондо биздин стратегиядагы айткан сөзүбүз - экспорт көбөйүп, импорт азаят дегенди кылат элек.

Пикир

Оставить комментарий