• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эсеп 2:2! "Ювентус" командасы "Атлетикону" ута алган жок

Спорт 0

Бишкек, 19.09.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 1-турунун алкагында "Ювентус" клубу "Атлетико" командасы менен оюн өткөрдү.

"Ванда Метрополитано" стадионунда болгон беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Алгачкы голду оюндун 48-мүнөтүндө "Ювентустун" оюнчусу Хуан Куадрадо киргизди. Көп өтпөй, 65-мүнөтүндө Сандронун чыгарып берген тобун Матюиди эсепти 2:0гө өзгөрттү.

5-мүнөттөн кийин испаниялык клубдун коргоочусу Стефан Савич "Атлетико" командасына 1 гол алып келди. Оюндун аягында, 90-мүнөтүндө кайрадан мадриддик команданын жарым коргоочусу Эктор Эррера гол киргизип, эсепти 2:2ге айлантты.

Белгилей кетсек, кийинки оюн 2-октябрда болуп, "Ювентус" "Байер" менен, "Атлетико" командасы "Локомотив" менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий