• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эсеп палатасы: "Кумтөр" "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингине $1,9 млн короткон

Экономика 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. КР Эсеп палатасы "Кумтөр Голд Компаниянын" 2021-жылдын 17-майынан 2022-жылдын 30-июнуна чейинки тышкы башкаруу мезгилине аудит жүргүздү.

Документке ылайык, "КГК" ЖАКтын тышкы башкаруусу аралыгында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын чыгымдары 1 млн 908,8 миң долларга каржыланган.

Холдинг тарабынан "КГК" ЖАКтын каражатынын эсебинен 32 долбоор ишке ашырылууда. Алар: "Аврора" санаториясын модернизациялоо, бөтөлкөлөнгөн суу чыгаруу, Каракол шаарындагы аэропортту реконструкциялоо, Каприз тоо-лыжа отелин модернизациялоо жана беш жылдыздуу заманбап отель, мрамор чыгаруучу завод куруу жана Каракол шаарындагы ипподромду реконструкциялоо жана башкалар.

Аталган долбоорлорду ишке ашырууга "КГК" ЖАК тарабынан 1 млн 908,8 миң доллар өлчөмүндө аражат сарпталган, анын ичинен чет элдик жана жергиликтүү жумушчулардын, ошондой эле келишимдик негизде иштеген жумушчулардын эмгек акысы 1 млн 731,7 миң долларды түзгөн.

Көрсөтүлгөн долбоорлорду "КГК" ЖАКтын эсебинен каржылоо тууралуу чечим ошол кездеги убактылуу тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүк тарабынан кабыл алынган.

Долбоорлор азыркы убакка чейин жүзөгө ашырылбаган бойдон калууда, аны менен катар келтирилген чыгым "КГК" ЖАК жана жалгыз акционер "Кыргызалтын" ААКтын каржылык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген.

Эске салсак, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги 2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Жалгыз уюштуруучусу Финансы министрлиги болгон. 2022-жылдын аягында министрлер кабинети холдингди жоюп салган.

"Кумтөр Голд Компания" ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-мартына чейин камакта калтырылды. Ал "Кумтөр Голд Компания" ЖАКтагы коррупциялык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий