• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эсеп палатасы: Эки электр станциялары үчүн 300 миӊ долларга эмерек алынган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. «Улуттук электр станциялары» жана «Электр станциялары» үчүн 300 миӊ долларга эмерек сатып алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 20 млн 300 миӊ доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат өз багытында жана натыйжалуу пайдаланылган эмес.

"Кара-Кече жылуулук-электр станциясынын техникалык-экономикалык негизмемесин иштеп чыгуу үчүн каралган 3 млн доллар иштетилген эмес, мындайча айтканда, аталган документ ушул кезге чейин даярдалган жок. Эки жаӊы мектепти курууга бөлүнгөн 2 млн долларга Бишкек шаарында 1 мектеп курулган. Курулуш баасы өтө жогорулатылганы аныкталды. Трансформаторлорду сатып алууга 9 млн доллар каралса, текшере келгенде, ал 3 млн долларды гана түздү", - деди Улукбек Марипов.

Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Андан тышкары, гранттык каражаттын 1 млн долларына кабель, 300 миӊ долларына эмеректер сатылып алынганы белгилүү болду. Ал эми Бишкек ЖЭБинде иштеген 20 адамды окутуу үчүн 3 млн доллар каражаттын бөлүнүшү да шек жаратпай койбойт.

Пикир

Оставить комментарий