• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эсеп палатасынын башчысы Улукбек Марипов ASOSAI 14-Ассамблеясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.18 /Кабар/. Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку аудит органдарынын Азия уюмунун “Туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык аудит” темасында Въетнамдын Ханой шаарында 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин өтүп жаткан 14-Ассамблеясына жана 7-симпозиумуна катышууда.

Кезектеги жолугушууда катышуучулар ASOSAI`дын стратегиялык планынын отчётун карап чыгышып, уюмдун алдыдагы өнүгүүсүнүн маселелерин талкуулашты. Ошондой эле 2018-2021-жылдарга Жетекчилер кеңешинин жана Аудитордук комитеттин жаңы мүчөлөрүн тандашты.

Ассамблеянын алкагында Улукбек Марипов ASOSAI`дын төрагасы, Малайзиянын жогорку аудит органынын башкы аудитору Мадина Бинти Мохамод, Жогорку аудит органдарынын эл аралык уюмунун төрагасы, Бириккен Араб эмираттарынын жогорку аудит органдарынын башкы аудитору Хариб Саед Аль Амими жана Въетнамдын жогорку аудит органынын башкы аудитору Х.Д. Фок, башка өлкөлөрдөн келген делегациялардын башчылары менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий