• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эсептөө палатасы 2022-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди

Экономика 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. 2022-жылга бекитилген Эсептөө палатасынын аудитордук иш планына ылайык, Эсептөө палатасы пландалган 78 аудитордук иш чара жүргүзгөн, алардын жүрүшүндө аудит объектилеринин 1 миң 666 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү камтылган.

Отчеттук жыл ичинде жүргүзүлгөн аудитордук иштин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан 46 101,7 млн сомго каржылык тартипти бузуулар жана жол-жоболук мүнөздөгү 404 бузуулар аныкталган. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 15 544,3 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын ичинен 7 174,8 млн сом калыбына келтирилген. Калган бузууларды калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда.

Отчеттук жылда жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын жыйынтыктарында бузуулардын түрлөрү боюнча төмөнкүлөр аныкталган:
  1. КРнын бюджеттик тутумундагы бюджеттердин долбоорлорун түзүүдө жана кароодо кетирилген бузуулар суммасы 67,8 млн сомду түзгөн.

  2. КРнын бюджеттик тутумундагы бюджеттердин аткарылышындагы бузуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 26 666,0 млн сомду түзгөн. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 7 800,3 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 1 116,7 млн сом калыбына келтирилген.

  3. КРнын мүлкүн колдонуудагы бузуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 6 813,0 млн сомду түзгөн. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 4 110,5 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш.
    3 838,3 млн сом калыбына келтирилген.
  4. Эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулардын жалпы суммасы 9 778,9 млн сомду түзгөн. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 3 092,9 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш. 2 045,1 млн сом калыбына келтирилген.
  5. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө КРнын мыйзамдарын бузуулардын жалпы суммасы 1 662,5 млн сомду түзгөн. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 534,6 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш. 174,7 млн сом калыбына келтирилген.
  6. Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин бузуулары жалпы сумма отчеттук жылы 1 113,5 млн сомду түзгөн. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 5,9 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 27,3 миң сом калыбына келтирилген.

Отчеттук жылы Эсептөө палатасы тарабынан 18 шаардын мэриясынын жана 207 айыл өкмөтүнүн бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышна аудит жүргүзүлгөн.

18 шаардын мэрияларынын (анын ичинен, областтык маанидеги төрт шаар: Талас, Балыкчы, Каракол жана Кара-Көл) бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тарабынан, жалпы 65,3 млн сом суммасында каржылык тартипти бузуулар аныкталган. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 7,6 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо. 4,4 млн сом калыбына келтирилген. Калган бузууларды калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда.

Айыл өкмөттөрүнө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча аныкталган каржылык тартипти бузуулардын жалпы суммасы 239,7 млн сомду түзгөн. Аныкталган бузуулардын жалпы суммасынан 154,3 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш. 81,5 млн сом калыбына келтирилген. Калган бузууларды калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда.

Отчеттук жылы аудит объектилери тарабынан Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын аткаруу менен, 37 кызматтагы адамдар тартип жоопкерчилигине тартылган, анын ичинен: 22 кызматтагы адам ээлеген кызматынан бошотулган

2022-жылы жүргүзүлгөн аудиттер боюнча, тиешелүү кароо үчүн, КРнын Эсептөө палатасы тарабынан укук коргоо органдарына 14,9 млрд сом, 84,0 миң АКШ доллары жана 927,5 миң евро суммасында аудиттердин 89 материалы жөнөтүлгөн.

Анын ичинен прокуратура органдарына 10,3 млрд сом, 84,0 миң АКШ доллары жана 927,5 миң евро суммасында аудиттердин 82 материалы; Улуттук коопсуздук органына 4,6 млрд сомго аудиттердин 7 материалы берилген.

Бүгүнкү күнгө, укук коргоо органдары менен жүргүзүлгөн салыштыруу боюнча, аудиттердин 89 материалын кароонун жыйынтыгы менен:

  • 30 кылмыш иш козголгон;
  • 6 кылмыш иши өндүрүүдөн кыскартылган;
  • 6 кылмыш иши айыптоону көрсөтүү менен сотко жөнөтүлгөн;
  • 8 кылмыш иши өндүрүүдөн токтотулган;
  • 10 материал боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө;
  • 13 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган;
  • 7 материал боюнча башка кылмыш иштердин материалдарына тиркелген.
  • 36 материал боюнча прокурордук чара көрүү актылары чыгарылган, анын жыйынтыгы боюнча кызматтагы 18 адам тартип жоопкерчилигине тартылган;
  • 3 материал боюнча прокуратура органдары тарабынан тиешелүү маалымкат түзүлгөн жана жазылган фактылар эске алынган.

Пикир

Оставить комментарий