• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо жана Эмгек министрлигиндеги мыйзам бузууларды аныктады

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Бишкекте 2-декабрда Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, жыйынга палата кеңешинин мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери жана аудит өткөрүлгөн объектилердин жетекчилери катышты.

Кеңеш 2021-жылга Саламаттык сактоо министрлигинде жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде бюджеттин аткарылышынын аудитинин отчетторун карап, бекитти.

Ошондой эле күн тартибине “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын 2021-жылга жана “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын 2019-2021-жылдарга карата ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы кароо киргизилген.

Бирок өзгөчө көңүл Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгына бурулган.

Саламаттык сактоо министрлигинде аудиторлор 29 млн 215,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныктаса, анын 17млн 350,8 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, текшерүүнүн жүрүшүндө 875,1 миң сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле, 11 млн 99,1 миң сомдук эмгек акынын негизсиз төлөнүшү, 1 млн 163,4 миң сомдук материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды эсептен чыгаруу катталган. Командировкаларга ашыкча каржылык чыгымдардын көлөмү 100,8 миң сомду түздү. 3 млн 314,3 миң сомдук дебитордук карызды жаап-жашыруу аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13 млн 7,2 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын суммасы 22 млн 795,8 миң сомду түзгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн аудит майыптык коляскаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктаган. Майыптар коляскасына чукул муктаждык болгонуна карабастан, министрлик коляскаларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алган эмес, бааларды көзөмөлдөө жүргүзүлгөнэмес. Майыптык коляскалар бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык ортомчу түзүмдөрдөн сатып алынган. Сатып алуунун баасын талдоо көрсөткөндөй, сатып алынган коляскалардын баасы ортомчулар аркылуу өтүп, өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу уюмдун колуна чейин бир топ жогорулайт. Ашыкча сарптоо 1 млн 617 миң сомду түздү.

Аудит текшерүүсү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо сатып алууда да мыйзам бузууларды аныктаган. 2021-жылы бул максаттарга бюджеттик каражаттардын кассалык чыгашалары 55 млн 848,3 миң сомду түздү (смета боюнча пландаштырылган 89 млн 999 миң сомдун ордуна), анын ичинен 35 млн 319,5 миң сому 2020-жылдагы кредитордук карызды жабууга багытталган. Ошентип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жолдомо сатып алуу үчүн пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын суммасы 34 млн 150,7 миң сомду түздү. Бул каражатка дагы 2 миң 529 жолдомо сатып алууга мүмкүн болгон.

Бул мыйзам бузуулар боюнча маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий