• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эсептөө палатасынын жаӊы аудитору Байгазаков ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын жаӊы дайындалган аудитору Байгазаков Алимжан Топчубаевич ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал жакында өзгөчө кырдаалдар министрлигине дайындалган Нурболот Мирзахмедовдун ордуна келди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Алимжан Байгазаковду ант берүү аземи менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, мыйзамга ылайык, Эсептөө палатасынын аудитору парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий