• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ёсихидэ Суга Япониянын жаңы премьер-министри болду

Дүйнө 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Япония парламенти 16-сентябрда Либерал-демократиялык партиянын төрагасы Ёсихидэ Сугуну өлкөнүн премьер-министрлигине бекитти.

«Киодо Цусин» агенттиги кабарлагандай, анын талапкерлигин парламент депутаттарынын көбү колдоду. 71 жаштагы Есихидэ Суга ден соолугуна байланыштуу отставкага кеткен Синдзо Абэнин ордун басат.

Мунун алдында Абэ жетектеген япон өкмөтү отставкага кеткен.

Жакынкы сааттарда Суга министрлер кабинеттинин жаңы курамын жарыялашы керек. Синдзо Абэнин өкмөтүндөгү көпчүлүк министрлер кызматын сактап калары күтүлүүдө.

Суга депутаттардын алдында сөз сүйлөп жатып, коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү приоритет болорун билдирди. Ал Абэнин көптөгөн программаларын иш жүзүнө ашырууга убада берип, структуралык реформаларды алдыга жылдырууну улантарын жана бюрократияны чектей турганын айтты.

Суга жапон тарыхында өкмөттүн баш катчысы болуп эң көп иштеген адам, ал бул орунга 2012-жылдын аягында дайындалган. Мурдагы премьер-министрдин жакын санаалашы Суга парламентте депутат да болгон жана ички иштер министри болуп бир жылдай иштеген. Былтыр ал император Нарухито такка отурганда жаңы Рейва доору башталганын расмий жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий