• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эскерүү: С.Иманбаев – интеллекти бийик, асыл адам болчу

Аналитика 0

Сулайман Иманбаев – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, республиканын саламаттыкты сактоо системасынын өнүгүшүнө, эгемендүү Кыргыз Мамлекетинде шайлоо системасынын, Жогорку Кеӊешинде парламентаризмдин калыптанышына зор салым кошкон инсан эле.

Кыргыз журтчулугунун көз алдында жүргөн белгилүү адамдын дүйнө салышына бир жылдай убакыт өттү, бул мезгилде Сулайман аганын басып өткөн жолу, элге кылган кызматы мурункудан да ачык көрүнүп, эл журту өткөн өмүрүнө көз жүгүртүп турган мезгили.

Аттиң дүйнө, мындай адамдар кетип жатканда «адамдар өлүш үчүн төрөлөт» деген сөздүн чындыгын туюп, ар бир адамдын өмүрү акыры трагедия менен бүтөрүн түшүнүп, ушул беш күнчөлүк өмүрдүн мааниси эмне болду деп ойго кетип, жоопту дал ушундай эл атасы болгон адамдын өмүрүнөн, кылган ишинен издейт экенсиӊ.

«Устаранын мизинде оодарылган дүйнө» деп бир кезде атактуу ойчул Арстанбек айткандай, өлкөдө өткөөл мезгилде жаман менен жакшыны башынан өткөрүп, эли менен тагдырлаш болгон С.Иманбаев сыяктуу адамдар өз өмүрү менен жаштарга үлгү болуп, элинин артындагы жөлөгү, руханий таянычы болуп калат тура.

Сулайман Иманбаевдин балалык курагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, өтө оор күндөрдү башынан өткөргөн. Атасы согушка кетип кайткан жок. Энеси оорулуу болуп тестиер, зирек бала үй-бүлөдө башчы болуп, катаал турмушта такшалып, эрте жетилип, өз тушоосун өзү кесип түйшүктүү өмүр жолунда балалык жашоосун өткөрдү.

Мектепте окуп жүргөн күндөрүн замандаштары да өтө сыймыктануу менен эскеришчү эле. С.Иманбаев бир атадан жалгыз бала болуп мектепте тентек, өтө зээндүү, уюштургуч болгондуктан, аны Дүрбөлөӊ деп атап коюшкан. Окуусун да ал дайым беш деген баага окуп, мектепте ар кандай иш-чараларды уюштуруп, өтө активдүү окуучу болгонун эскеришет. Мектепти бүтүп, медициналык институтка тапшырып, ал жерде да коомдук активист болуп, комсомол уюмун жетектеп, институтту артыкчылык диплому менен аяктаган. С.Иманбаев дайыма жакында жакшы адамдар менен жүргөн, өзү эскергендей ИсаАхунбаев, Мирсаид Мирахимов, Мамбет Мамакеев, Бейшен Турусбеков сыяктууатактуу устаттары менен дайым сыймыктанчу эле.

Турмуш жолунда Москвадан экономика адистигине ээ болуп келген татынакай, билимдүү Дамира эжеге үйлөнгөндө замандаштары өтө кубанганы элдин эсинде. Билим көрөӊгүсү, адистик устаттыгы, уюштуруучулук жөндөмү жаш чагынан калыптанган, жогорку деңгээлдеги асыл инсан эле.

С.Иманбаевдин 50 жылдан ашык мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген эмгек жолу Кыргызстандын өнүгүп-өсүшү үчүн кылган эмгеги, саламаттык сактоо системасынын түптөөчүсү, куруучуларынын бири, Бишкек шаарынын социалдык тармактын инфраструктурасынын өнүгүшүнө, Республикадагы шайлоо системасынын, парламентаризмдин калыптанышына кошкон салымы башка саясатчылардан айырмаланып көрүнүп турат. Мамлекеттик кызматта иштеген жаштардын мууну үчүн С.Иманбаев ишке жасаган мамилеси, өз кесибин баалагандыгы, тазалыктын, профессионалдуулуктун негизин түзөт.

Ал тереӊ билимдүү, турмуштук бай тажрыбайлуу, жаратылышынан ак дил, ар-нерсенин келечегин алдын-ала көрө билген, адамкерчиликтүү, жөнөкөй, айкөлдүк касиеттерге ээ адам эле. Бул адаттагыдай көзү өткөн адамды көбүртүп, жабыртуу эмес,бул - чындык.

С.Иманбаевдин өмүр жолу түптүз жипке тизген шурудай болгон жок, жакшы күндөр менен кошо кыйын күндөр да коштоп жүрдү, бирок ал сабырдуулугу, билими, зор тажрыйбасы менен бардык кыйынчылыктарды жеӊе алды. «Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миӊди жеӊет» демекчи, ал 15 жашында «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Кийинки өмүр жолунда «Эмгек сиӊирген дарыгер» жана башка көп медаль, ордендерге татыктуу болуп, эӊ негизгиси өтө абройлуу мамлекеттик сыйлык –I-даражадагы «Манас» орденине ээ болду. Бул биз үчүн, мекендештери үчүн зор сыймык.

2001-жылы Ысык-Көл фондусун Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү түзүп, анын башында М.Мамакеев, С.Иманбаев, Ж.Жээнбаев, А.Абдылдаев, И.Касендеев, Ж.Аманбаев, Б.Жакиев, Ж.Сааданбеков, Ж.Шарипов жана башкалар бар эле, алар фонддун түзүлүшүнө, түптөлүшүнө чоң салымын кошкон адамдар. Фонд Ысык-Көлдү коргоо, өнүктүрүү жана атактуу адамдарды, мисалы: Ж.Абдрахманов, Боронбай бий, К.Тыныстанов, К.Карасаев ж.б. эскерүү, китептерин чыгаруу боюнча өтө көп иштерди жүргүздү. Менин айтайын дегеним, Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов, К.Карасаевдердин 100 жылдыгынын өкмөттүк деңгээлде өткөрүп жаткан учурда С.Иманбаевге кайрылдым. Ж.Абдрахмановдун атын Совет көчөсүнө, К.Карасаевдин атын Бишкек гуманитардык университетине ыйгарууну сунуштайлы, Улуттук университетке К.Тыныстановдун аты берилиптир, жардам бериңиз деген пикирди айтсам, кийинки күнү эле тез келүүнү буюрду. Барсам өлкөнүн ошо кездеги президенти А.Акаевге чогуу кирип, маселени чечип чыктык. Бул кубанычтуу окуя болгон күн эле. Ушул сыяктуу маселе болгондо дайыма Сулайман агага кайрылчу элек. Сунуштарды туура кабыл алчу жана чечүүнүн же кеңеш берүүнүн жолун көрсөткөн элдик патриот эле.

С.Иманбаев өмүрүнүн акырына чейин республикабыздын абалы менен кабардар болуп, ийгиликтерибизге кубанып, өксүктөрүбүзгө күйүнүп тураар эле. Ал акыркы сапар астында «кыргыз элине ыраазымын, улуу иштерге аралаштырган тагдырыма ыраазымын, эл журтубуз аман-эсен, ынтымактуу болуп, мамлекетибиз бирдиктүү болсун, мындан ары да өсүп өнүксүн» - деп тилегин айтып кетти. Бул кеменгерлик эмеспи. Акыркы сапарга узатуу зыянаты С.Иманбаевдин мамлекетке көрсөткөн эмгегин эске алып, Өкмөттүк деңгээлде Кыргыз драмтеатрында өткөрүлүп, залп атылып, аскердик кароол коюлуп, эл абдан көп чогулуп, эли үй бүлөөсүнүн, туугандарынын кайгысын тең бөлүшүп, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Бул узатуу өз элинин, кыргыз өкмөтүнүн С.Иманбаевге болгон сый-урматы катары кароого болот. Сулайман Иманбаев интеллекти бийик, акылы терең, өз заманын маданияттуу, ар-тарабы келишкен, советтик доордун да эгемен өлкөнүн доорунда да үлгү болгон ак сөөк, асыл адам эле.

Мен да Сулайман агамды өз агамдай тутуп, акылын угуп, ал киши жүргөндөй жүрөйүн деп элге кылган мамилесин, сүйлөгөн сөзүн көрүп, өзүмдү түздөчү элем. Ал кишинин бир сөзү: «Жакен Жогорку Кеӊештин депутатысың, сага эл көп кайрылат, чечилбеген маселе көп, эгер колуӊдан келсе чечип бер, келбесе жылуу сөз айтып узатып жүр» - деген кеӊеши бүгүн да эсимден кетпейт. Бири бирибизди колдошуп, сыйлашып ага инидей жүрдүк. Бул биз үчүн чоӊ сыймык эле.

Жангороз Каниметов,

Коомдук ишмер,

педагогика илимдеринин доктору,

профессор

Пикир

Оставить комментарий