• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы жылга карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда Бишкектеги Эски аянтта милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. Аталган иш-чара келе жаткан жаңы-жылдык майрамдарга карата уюштурулду, - деп кабарлашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

2018-жылдын 30-декабрынан баштап 2019-жылдын 7-январына чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматтарын өтөшөт.

Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосу кызматкерлердин жер-жерлерде кызмат өтөөлөрү менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз милдеттерин аткарууларын, андан сырткары сырткы көрүнүшүн, тыкандуулугун текшерүү үчүн өткөрүлөт.

Саптык кароо-тескемеси ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, министрдин орун басарларынын, Бишкек ШИИББдин жетекчилеринин ИИОнун ардагерлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Аянтта ИИМдин баардык бөлүмдөрү: ИИМдин “Шумкар”атайын багыттагы полктун, Тез чара көрүү атайын отрядынын, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Академиянын курсанттары, Бишкек ШИИББ менен Чүй ОИИББнин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн милиционерлери, милициянын кайгуул-күзөт кызматы, кинологиялык бөлүм, атчан милиция катышышты. Ушул күнү жаңы бөлүм-Туристтик милициянын бетачары болду.

Пикир

Оставить комментарий