• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эски үлгүдөгү ККМ-онлайнды каттоого тыюу салуу мөөнөтү 1-январга чейин узартылды

Экономика 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы токтому менен эски үлгүдөгү ККМ-онлайнды каттоого тыюу салууну киргизүү мөөнөтү жана бекитилген жаңы техникалык талаптарга ылайык келген контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим ишкер субъекттерге ККМдин реестрин түзүү жана жаңы моделдерди, анын ичинде программалык ККМди киргизүү чаралары боюнча программалык ККМди каттоого жана колдонууга кошумча убакыт берүү максатында кабыл алынды.

Эске сала кетсек, мурда бекитилген мөөнөткө ылайык 2020-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга жана ККМди техникалык тейлөө борборунун талаптарына ылайык келбеген контролдук-кассалык машиналарды каттоого тыюу салуу күчүнө киргизилмек.

Мөөнөттүн узартылгандыгына байланыштуу, фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүдөгү ККМдерди пайдаланган, салык органдарында катталган субъекттер ККМдин эски үлгүлөрүн оң абалда гана 2021-жылдын 1-январына чейин колдонууга укуктуу.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасында катталган жана ККМ-онлайнды пайдаланган субъекттер аларды өтүү мөөнөтү бүткөнгө чейин жана ККМдин субъектери тарабынан өтүү жана колдонуу графигинде белгиленген шарттарда колдонууга укуктуу.

ККМ-онлайнды колдонуу системасы Кыргызстанда "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында электрондук эсеп-фактураларды, автомай куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган системасын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды, товарларды маркалоону киргизүү менен катар жүзөгө ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий