• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эскизи дагы даяр. Бишкекте курула турган стадионду европалык компания салат

Спорт 0


Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Августта Бишкекте заманбап жаңы стадиондун курулушу башталат. Спорттук арена бардык талаптарга жооп берип, 22,5 миң орундуу болмокчу. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик футболчуларынын оюнунан кийин улуттук курама менен жолуккан кезде билдирди.

Анда стадион европалык компания тарабынан салынары айтылып, объекттин эскизи дагы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, күн мурун, 14-июнда Азия кубогуна тандап алуунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары оюн өткөрдү. Бул биздин команда үчүн Азия кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий