• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эстеликтерди даңазалоо максатында орнотулган QR-коддордун салтанаттуу ачылышы өттү

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун эстелигининин алдында, тарыхый эстеликтерди даңазалоо максатында орнотулган QR-коддордун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган саамалыкка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, “Эсте” коомдук фондунун президенти Айбек Кыштобаев жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов катышты.

Кайрат Иманалиев ачылыштын жүрүшүндө “Эсте” коомдук фондунун президенти Айбек Кыштобаевге жана анын командасына ыраазычылык билдирип, кыска убакыттын ичинде шаар ичинде тургузулган эстеликтердин тарыхый маанисин ачып берүүгө жумшаган эмгеги жогору бааланышы керек деп билдирди. Министр ошондой эле, мындай QR-коду бар такталардын пайда болушу Кыргызстанга келген туристтер, шаар тургундары жана меймандары үчүн мыкты табылга экендигине токтолду.

Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөгө жана жарандарыбызга алдыңкы технологиялар аркылуу өлкөбүздүн маданий мурасы тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатын көздөгөн “Эсте” коомдук фонду бул долбоорду үзгүлтүксүз улантуу ниети бар экендигин белгиледи.

"Este.kg эстеликтер, кайталангыс архитектуралык курулуштар жана социалдык маанилүү объектилер жөнүндө керектүү маалыматты тез жана оңой табууга жардам берет. Болгону, телефонуңузду объектиде жайгашкан QR кодуна жакындатып, сканерлесеңиз жетиштүү. Маалымат кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүктөлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий