• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эстонияда “Түнкү авария” кыргыз тасмасынын дүйнөлүк бет ачаары өттү

Маданият 0

Бишкек, 28.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Таллинде (Эстония) “Караңгы түндөр” эл аралык кино фестивалынын алкагында кыргыз режиссеру Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасынын дүйнөлүк бет ачаары болду. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, аталган тасма программанын башкы сынагында катышууда. Бардыгы болуп тасма төрт ирээт көрсөтүлөт. Тасманы режиссер Темир Бирназаров жана актриса Дина Джейкоб сунушташты.

“Караңгы түндөр” кино фестивалы 17-ноябрдан 3-декабрга чейин уланат.

Синопсис: “Түнкү авария” тасмасынын фордонунда жалгыз карыя жана таң калычтуу кыз. Жарадар болгон кызды карыя жолдон таап алат. Карыя кызга кам көрүп, бара-бара аны сүйүп калат.

Пикир

Оставить комментарий