• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эт, жүн, тери жана сүт: Өлкөдөгү ишканалар экспорттун санын көбөйттү

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстандын ишканалары эт, бал, сүт, жүн жана теринин экспортун көбөйттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов кабарлады.

Анын айтуусунда, жыл башынан бери КРнын ишканалары тарабынан 24 тонна сүт экспорттолгон. Бул көрсөткүч 2017-жылы 14 тоннаны түзгөн.

“Ал эми койдун эти 624 тонна көлөмдө экспорттолсо, былтыр бул көрсөткүч 111 тоннаны түзгөн. Ошондой эле 1 млн. 200 миң тери жана 2 миң 325 тонна жүн экспортго кеткен”, - дейт Жумаканов.

Кыргызстандын аймагында сүттү чет өлкөгө ташыган 21 мекеме бар, бал – 18, балык – 16, эт – 10 жана улттук суусундуктарды экспорттогон 1 мекеме бар.

Пикир

Оставить комментарий